Экс-депутат алдамчылыкка шектелип кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалды. 20-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Назгүл Кыдыралиева билдиргендей, ага карата “ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары” боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат:

“Тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экени боюнча далилдер табылды. 2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда ал 500 миң доллардан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган”.

 

55 жаштагы Нурматов 2015-жылдан 2021-жылдын август айына чейин Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган депутаты болгон. Ага чейин 2012-2015-жылдары Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген.

 

20-сентябрда ал атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды.