Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков кармалды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, экс депутат Кой-Таштагы Мурунку президент
Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда массалык башаламандык уюштуруу жана
укук коргоо кызматкерлерин барымтага алууга тиешеси бар деген айып тагылууда.
Белгилеп кетсек, саясатчы буга чейин дагы суракка чакырылган болчу.