Чүйдүн жол инспекторлору «Ак Тилек» бекетиндеги жемкорлук боюнча кармалышты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы кыргыз-казак чек арасындагы “Ак Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетинде иштеген жол инспекторлорун жана алардын жетекчисин колго түшүрдү. Бул тууралуу 28-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Мекеменин маалыматына караганда, 25-декабрда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол коопсуздугун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Бопонов, 24-декабрда анын кол астында иштеген үч инспектор кармалды.

 

Атайын кызмат алар “Ак Тилек” бекетиндеги коррупциялык схемага тиешеси болгон, документ текшеримиш болуп жүк ташыган айдоочулардан дайыма 500-5000 сом алып турушкан деп эсептейт.

 

УКМК бир күндө бул бекет аркылуу 100-200 автомашина жүк алып өтөрүн белгилеп, аталган жемкорлук схемасына тиешеси бар башка да кызматкерлерди аныктоо иши жүрүп жатканын билдирди.

 

Быйыл коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт.