Эл каттоо учурунда үйүндө жок жарандар тууралуу маалыматты алардын жакындары бере алат

Эл каттоо учурунда үйүндө жок жарандар тууралуу маалыматты алардын жакындары бере алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.

 

Алар дагы эл каттоого кирет сөзсүз түрдө. Командировкага кетип калса, үйүндө баласы бар, келинчеги бар, ата-энеси же жолдошу бар дегендей. Алар аркылуу дагы биз ар бир жаранды каттоого алып киребиз

 

Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо 25-марттан  3-апрелге чейин өтөт.