Кыргыз Улуттук университетинин Фрунзе, Турусбеков көчөлөрү жана Манас проспектин бойлой тосмолору алынды

Кыргыз Улуттук университетинин Фрунзе, Турусбеков көчөлөрү жана Манас проспектин бойлой тосмолору алынды. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер ордо калаанын архитектурасын бир стратегиялык саясатка келтирүү жана сырткы көрүнүштү жакшыртуунун алкагында жүрүп жатат.

 

Бишкек мэриясы мамлекеттик органдардын жана мекемелердин администрациясына тосмолорду өз алдынча алууну сунуштайт.