“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айдоочулардан  1 миллиард  575 миллион сом мамлекеттик бюджетке түштү

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айдоочулардан  1 миллиард  575 миллион сом мамлекеттик бюджетке түштү. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, программа ишке киргенден бери 2 миллион 216 миң ирет жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

 

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган.

 

Ал эми “Коопсуз шаар – 2” долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык компания жеңүүчү аталган. Экинчи бөлүк жети облусту, эки ири шаарды, 15 кичи шаарды жана 73 калк жашаган аймакты камтыйт.