Депозиттик эсептен 433 медицина кызматкерине төлөмдөр берилди

Депозиттик эсептен 433 медицина кызматкерине төлөмдөр берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Эске салсак, буга чейин коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсеп ачылган.

 

Жардам иретинде которулуп жаткан каражатты бөлүштүрүү комиссиясы дарыгерлердин кошумча маянасы үчүн 38 миллион 800 миң сом берүү чечимин кабыл алган. Бүгүнкү күндө каражаттын 3 миллион 159 миң сому медицина кызматкерлеринин колуна тийди, — дешти штабдан.