Электрондук кезек аркылуу биринчи класска 52 миң бала катталды

Электрондук кезек аркылуу биринчи класска 52 миң бала катталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Бишкекте учурга карата 5 мектепте орун калган жок.

 

Алар — №26, 70, 29, 20 жана 13-мектептер. Эске салсак, электрондук каттоо   8-апрелде башталган. Ал эки этап менен жүргүзүлөт, биринчиси 2-июнга чейин жашаган жери боюнча, экинчиси 30-августка чейин уланып, анда балдар бош орун калган мектептерге кабыл алынат.