Кыргызстанда төрт айыл аймак жана 13 айылдын аталышы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ага ылайык, Баткендин Ак-Татыр айыл аймагынын Говсувар айылы Орто-Боз, Чымген айылы Чымкен, Голбо айылы Алтын-Бешик, Маданият айылы Айбийке, Чапаев айылы Арча-Бешик айылы болуп өзгөртүлдү.
Ат-Башы районунун Дыйкан айылы Чоко-Бий, Нарындын Жергетал айыл аймагы Эсеналы Дайракунов болуп өзгөртүлдү. Кара-Кулжа районун Сары-Булак айылы Рыспай Абдыкадыров, Өзгөндүн Киров айылы Кенжебай айылы болду.
Айтматов районундагы Куру-Маймак айылы Сатыкей, Покровка айыл аймагы Семетей, Ысык-Ата районундагы Горная Серафимовка айылы Кебек-Бий, Сокулуктагы Военно-Антоновка айылы Кожомкул, Кемин районундагы Новомихайловка айылы Бообек болуп которулду.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкектеги төрт райондун аталышын кыргызча кылып алмаштырууну сунуштаган.