Талас облусунда жаңы мектеп курулуп жатат

Талас облусунда жаңы мектеп курулуп жатат. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Боотерек айылында пайда болот.

 

Имарат 150 окуучуга чакталат. Анда окуу корпусунан тышкары, спортзал, ашкана жана акты зал каралган. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 700 миң долларды түзөт. Каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген. Мектеп жаңы окуу жылына карата колдонууга берилет деп пландалууда.