Эликтерди мыйзамсыз аткан браконьер 150 миң сом айып төлөдү.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен
билдиришкендей, кармалган жарандан ок атуучу курал октору менен,
ошондой эле атылган 3 мүйүздүү жаныбар алынды. Эске салсак,
мергенчиликтин эрежелери боюнча өлкө аймагында эликке аңчылык кылуу
августтун экинчи ишемби күнүнөн баштап, октябрдын акыркы
жекшембисине чейин уруксат берилген.