Кыргызстан Россия жана Казакстан менен аба жолдорун ача тургандыгы азырынча анык эмес

Кыргызстан Россия жана Казакстан менен аба жолдорун ача тургандыгы азырынча анык эмес.

Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев novosti.kg ге билдирди.

Анын айтымында, аталган мамлекеттерден расмий билдирүү келе элек. Эки өлкө менен учурда

аба каттамдарын жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Белгилеп кетсек,

Россия 1-сентябрдан тартып Кыргызстанга каттамдардын уюштурулушуна уруксат берерин жарыялады.

Ал эми Казакстан 17-августтан тартып 7 өлкө менен туруктуу каттамдарды жүргүзө баштайт.

Бирок ал тизмеге биздин өлкө кирген жок.