Бишкектин кээ бир аймактарында газ өчүрүлөт.
Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз
кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 24-февралдан 28ине чейин
Байтик Баатыр, Лев Толстой, Элебаев, Кулатов, Байтик Баатыр,
Жукеев-Пудовкин жана Горький көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында
көгүлтүр от жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.