Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү биометрикалык жалпы жарандык паспорттор берилип баштады

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү биометрикалык жалпы жарандык паспорттор берилип баштады. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, документтин алгачкы нускаларын салтанаттуу тапшыруу аземи №4 калкты тейлөө борборунда өттү.

 

Белгилеп кетсек, кыргызстандыктар жалпы жарандык паспорт ала албай үч айдан ашык убара тартты. Ведомство жаңы үлгүдөгү электрондук биометрикалык паспортторду бермек болуп, бирок алар өз убагында даяр болгон эмес.

 

Ал эми эски үлгүдөгү документтерди чыгаруу токтотулган. Андан улам, чет өлкөгө чыгуучу паспорттун тартыштыгы жаралган.