Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда офтальмология жана ЛОР бөлүмүнүн жаңы корпусунун капсуласы салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев, оорукананын жамааты жана «Ас-Сафа» эл аралык кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Аль-Шайя баштаган Кувейттен келген коноктор катышкан.
Аянты 2 708 чарчы метр болгон беш кабаттуу медициналык жай заманбап талапка ылайык салынат. Корпустун салынышын толугу менен «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси каржылайт. Аны 2022-жылы майда бүтүрүү пландалууда.
2020-жылы «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси тарабынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Консультациялык-диагностикалык блок жана органдарды трансплантациялоочу гематология бөлүмдөрү колдонууга берилгени айтылат. Ошондой эле учурда балдардын онкология бөлүмү үчүн имарат курулуп жатат.