ММА тарыхындагы эң бай спортчулардын рейтинги жарыяланды

Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегор аралаш мушташ (ММА) тарыхындагы эң бай спортчулардын рейтингинин башын ээледи. Тизмени South China Morning Post басылмасы түзгөн.

Ага ылайык, спортчу карьерасында 400 миллион доллар тапкан. Адатта күйөрмандары акчанын көбүн UFC уюму төлөп берген деп ойлошу мүмкүн. Бирок ал жактан 22 миллион гана гонорар берилген, калган кирешени жарнамалык келишимдер менен бизнестен түшкөн каражаты алып келген.

 

Экинчи орунда россиялык Хабиб Нурмагомедов турат. Ал 40 миллион доллардай тапкан. Бирок канчасы UFC беттештеринен, канчасы башка булактардан экени айтылган эмес.

Үчүнчү орунда UFC уюмунун мурдагы чемпиону, канадалык Жорж Сен-Пьер (30 миллион), төртүнчүдө америкалык мушкер жана рестлер Брок Леснар (25 миллион) турат. Бешинчи сапта UFC уюмунун эки салмак боюнча экс-чемпиону Би Жей Пенн жайгашкан. Ал 22 миллион доллар таба алган.