Өсүмдүк майына болгон чекене баалар жогорулап жатат

Өлкөдө өсүмдүк майына болгон чекене баа өткөн айга салыштырмалуу 2,6 пайызга жогорулады. Тагыраагы, июнь айында аталган азыктын баасы орточо баасы 181 сом 77 тыйынды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашты.

 

Аталган комитет тарабынан республиканын 18 калктуу конушунда өсүмдүк майга болгон бааларга мониторинг жүргүзүлгөн. Ага ылайык, 30-июнга карата күн карама майынын орточо баасы 181 сом 77 тыйынды, ал эми пахта майына болгон баа 176 сом 26 тыйынды түзгөн.

 

Эң жогорку баа Исфана шаарында 190 сом, Жалал-Абад шаарында 189 сом 7 тыйын болсо, ал эми эң минималдуу баа Өзгөндө 163 сом 59 тыйын, Кара-Балтада 163 сом 97 тыйын жана Таласта 167 миң 24 тыйынды түздү.

 

Пахта майына болгон чекене баалар Токмок 198 сом 88 тыйын, Жалал-Абадда 187 сом 38 тыйын, Исфанада 183 сом 90 тыйын, Токтогулда 178 сом 93 тыйын болуп, республикалык көрсөткүчтөн ашты. Төмөнкү баа Талас шаарында 157 сом 74 тыйын, Кара-Суу шаарында 157 сом 76 тыйын, Покровка айылында 163 сом 88 тыйын деп байкалды.