Эртең, 20-апрелден тарта карызы көбөйүп кеткен абоненттерге газ берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма-сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, газ аралыктан өчүрүлөт. Көгүлтүр от үчүн канча төлөө керектиги жөнүндө маалыматты 4444 кыска номери аркылуу жана gazprom.kg сайтынан билип алса болот.