Келе жаткан эс алуу күндөрү Ысык-Көлдө ысык жана күн ачык болот

Келе жаткан эс алуу күндөрү Ысык-Көлдө ысык жана күн ачык болот. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, эс алуучулар көл жээгинде чыныгы жайдын аба табы менен ырахаттана алат.

 

Ишемби, жекшембиде ошондой эле аймакта жаан-чачын күтүлбөйт. Температура +30…33 градуска чейин көтөрүлөт, ал эми көл суусу 23 градус жылыйт.