Кийинки жылы 10го жакын калкты тейлөө борборун ишке киргизүү пландалууда

Кийинки жылы 10го жакын калкты тейлөө борборун ишке киргизүү пландалууда.

Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Ал эми ушул жылы калкты тейлөөчү беш борбор ишке берилди.

Аталган борборлор Ош жана Баткен шаарларында, Базар-Коргон айылында,

Өзгөн районунда жана Бишкектин Ауэзов көчөсүндө ачылды.

Жасалган иштер натыйжасын берүүдө.

Ушундан улам борборлорду өлкөнүн башка аймактарына да жайылтабыз, — дешти мекемеден.