Эртең Ош шаарында жалпы ишембилик болот
Вице-мэр Асылбек Топчубаевдин айтымында, карантинге байланыштуу
жаз айларында өтө турган ишембиликтер болгон жок. Мындан улам
жалпы ишембилик өткөрүү жана айлана-чөйрөнү тазалоо зарылчылыгы жаралды.
Тиешелүү башкармалыктарга тапшырмалар берилди.