Ат-Башыда шамалдан жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүлдү.
Райондук администрациядан билдиришкендей, үйлөрү камсыздандырылган
7 үй-бүлөгө жалпысынан 82 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Каражат мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан берилди. Белгилеп кетсек,
8-апрелде катталган бороон-чапкын район боюнча
67 үйдүн жана 83 курулуштун чатырын учурган.