Япониядагы лайнердеги кыргызстандык жарандын анализинде коронавирус чыккан жок

Япониядагы лайнердеги кыргызстандык жарандын анализинде коронавирус

чыккан жок. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, бул кыргызстандыктан

кайталанып анализ алынгандан кийин белгилүү болду. Анда вирустун жок

экендигин күбөлөндүргөн япон госпиталынын медициналык сертификаты бар.

Учурда ал бейтапканадан чыгарылып, мурдагыдай эле жүрөт.  Эгерде ал

жаран кайтып келүү жөнүндө чечим кабыл алса, Кыргызстанга келгенден

кийин санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин талаптарына ылайык

14 күн обсервацияга жайгаштырылат, — дешти ведомстводон.

Буга чейин Кыргызстандыкка вирустун жеңил түрү жукканы айтылган.