Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга сапары болбой калды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга сапары болбой калды. Анын ордуна Бишкекте өтүүчү ЕАЭБ саммитине коңшу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов келе турган болду.

 

Ал эми Өзбекстан президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары кийинкиге жылдырылды. Эске салсак, буга чейин Мирзиеев биздин өлкөгө 10-декабрда келип, анын сапарынын алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлмак.