Ютуб каналынын эң белгилүү клиптери аныкталды.
Биринчиликте Луис Фонси менен Дэдди Янкинин аткаруусундагы «Despacito»
ырынын 6 жарым миллиард көрүүчүсү бар клиби турат. Экинчиде,
Эд Ширандын «Shape Of You» тасмасын 4,5 миллиард адам көрсө,
Уиз Халиф менен Чарли Путтун «See You Again» ыры 4 жарым миллиардга
жакын кароо менен 3-орунда турат. Кошумчаласак, рейтинг
2010-жылдан 2019-жылга чейин эң көп кароо боюнча түзүлдү.