Россияда быйыл пандемиядан улам мигранттар эки эсе азайды

Россияда быйыл пандемиядан улам мигранттар эки эсе азайды.

Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө Россияда 6 миллион 300 миң мигрант бар.

Буга чейин алардын саны 11 миллионго чейин жетип келген.

Карантиндик чектөөлөрдөн улам Россия бийлиги чет өлкөлүктөрдүн

келишине тыюу киргизген. Буга байланыштуу өлкөдөгү көптөгөн курулуштар токтоп калды.

Өкмөттүн божомолуна ылайык, эмгек базары 1,5 миллион жумушчуну жоготту.

Алардын көбүн жакынкы өлкөлөрдөн келген мигранттар түзөт.