Пекиндин бардык кичи райондоруна «аскердик режим» киргизилди

үй

Кытайдын борбору Пекин шаарынын бардык кичи райондоруна «аскердик режими» киргизилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Буга чейин жогорудагы режим Пекиндеги Фэнтай районуна киргизилген.

 

Маалым болгондой, Пекиндеги «Синфади» аттуу ири базарда иштегендерден коронавирус аныкталгандардын саны февралдан бери рекорддук көрсөткүчкө жетти. Мындан улам жаңы режим киргизилди.

 

«Синфади» дүң соода базары Кытайдагы эң ири базарлардын бири. Базар жүз гектардан ашык аянтты ээлейт жана 10 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылат. Бул базардан Пекинден тышкары өлкөнүн түндүк аймактарына азык-түлүктөр жеткирилет.

 

«Алдын ала жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, вирус Европадан Пекинге алып келинген. Эпидемиологдордун божомолу боюнча, инфекция базарга тоңдурулган эт же балыктар менен ташылып келиши мүмкүн, себеби температура төмөн болгондуктан, вирус сакталган. Базардагылар азыктарды колу менен кармагандыктан инфекцияны жуктуруп алган болуусу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Акыркы суткада Кытайда 49 адамдан коронавирус аныкталса анын 27си Пекинде катталган.