Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу биздин өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Кечээ эки өлкө жарандары ортосунда кезектеги жаңжал чыкты.

 

Буга Баткен облусунун Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара тилкесинде тосмо орнотуп жатканы себеп болду. Окуя болгон аймакта эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү, кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун орун басары жолугушту.

 

Кыргыз тарап чек араны делимитация жана демаркация иштери бүтмөйүнчө тактала элек аймакка кандай гана курулуш иштери болбосун жүргүзүлбөшү керек деген талапты коюшту.