Жалпы республикалык тестирлөө 116 борбордо уюштурулат.
Имараттарда бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалар жана талаптар сакталат, — деди
билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров. Анын айтымында, борборлордо
медицина кызматкеринин күзөтү уюштурулат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпы республикалык
тестирлөө 3 этап менен өтөт. Жетишпей калгандар үчүн атайын кечиктирилген тест уюштурулат.