Күз-кыш мезгилине карата COVID-19 вирусун дарылоо үчүн жалпы республика боюнча 5 миңдей орун даярдалат

Күз-кыш мезгилине карата COVID-19 вирусун дарылоо үчүн жалпы республика боюнча 5 миңдей орун даярдалат.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин  өкүлү Нургүл Ибраева билдирет. Анын айтымында,

учурда “Семетей” обсервациясын толук кандуу түрдө жугуштуу оорулар бейтапканасына айлантуу

аракети көрүлүп жатат. Эске салсак, анда бейтаптар үчүн 1 миңден ашык орун даярдоо мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле ушул оорукананын базасында лаборатория ачуу каралды.