Бишкекке кычкылтек концентраторлорунун үчүнчү партиясы жеткирилди.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, 300 жабдуу жана
2 миң пульсоксиметр келди. Кычкылтек концентраторлору республиканын
медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет. Белгилеп кетсек,
буга чейин өкмөт тарабынан сатылып алынган
700 кычкылтек концентратору алынып келинген.