Кыргызстанда дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 15и медицина кызматкери. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Вируска кабылган дарыгерлердин үчөө Бишкекте, Ош облусунда экөө жана 10у Ош шаарында катталды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 449га жетти.