Күздөн тарта Бишкектеги маршруткаларда да жол кире карта менен төлөнө баштайт

Күздөн тарта Бишкектеги маршруткаларда да жол кире карта менен төлөнө баштайт.

Бул тууралуу шаардык транспорт департаментинин башчысы Максат Нусувалиев билдирди.

Ал эми 1-июлдан тарта муниципалдык автобус жана троллейбустарда накталай төлөм системасы жоюлат.

Ага ылайык, жүргүнчүлөр жол акыны бир гана “Тулпар” картасы менен төлөшү керек болот.

Белгилеп кетсек, картаны “Кыргызпочтасы” бөлүмдөрүндө, уюлдук операторлордун кеңселеринде же айдоочулардан сатып алса болот.

Баасы – 50 сом.