Алтынбек Аттокур уулу Нарын облусунун прокурору болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчулүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчи аймактын активине бүгүн тааныштырылды.
Алтынбек Аттокур уулу 1976-жылдын 18-февралында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган.
Буга чейин Жалал-Абад облустук прокуратурасында тергөөчү, прокурордун жардамчысы, район, шаарлардын прокурорлорунун орун басары, облустук прокуратурада бөлүм башчы болуп иштеген.
2017-2021-жылдары Ош облусунун Өзгөн районунун прокурору болуп эмгектенген.
2021-жылдын март айынан бери Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болуп иштеп келген.