Кабелдин бузулуусунан ордо калаанын бир нече райондору жарыксыз калды.
Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Бөлүштүрүүчү компаниянын маалыматы боюнча, электриктер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
Учурда 6, 7 жана 8-кичи райондордо электр энергиясы берилди. 4, 9, 10-кичи райондордо жана Асанбай кичи районунда электр жарыгы жакынкы аралыкта калыбына келтирилет.