Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу эскертилди

Кыргызгидромет 30-31-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Ысык-Көл облусунун дарыяга жакын жайгашкан аймактарында суу каптоолор болушу ыктымал.

31-июлда өлкөнүн дээрлик бардык аймактаарында өткүн өтүп күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.