Кыргызстанга кирген унаалардын көбү Россиядан ташылып келген

Кыргызстанга кирген унаалардын көбү Россиядан ташылып келген.

Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик ишканасы билдирет. Маалыматка караганда,

былтыркы жылдын 11 айында республикада 49 миңден ашык унаа каттоого алынды.

Алардын 25 миңи Россиядан, 7 миңден ашыгы Корея Республикасынан, беш миңи Литвадан кирген.

Белгилеп кетсек, 2015-жылы каттоого алынган унаалардын дээрлик жарымы Япониядан келген.

Күн чыгыш өлкөсүнөн кирген 13 жарым миң унаа каттоого алынган.

Ал эми ошол эле жылы Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынган.