Кадамжайдагы Аскер прокуратурасы Баткенге көчүрүлөт

Кадамжайдагы Аскер прокуратурасы Баткенге көчүрүлөт.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,

административдик имарат жана 8 батирлүү кызматтык турак жайдын

курулушуна капсула салынды. Иштерди быйыл жыл аягына чейин бүтүрүп,

пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуштун сметалык наркы 31 миллион

сомду түзөт. Белгилеп кетсек, буга чейин Баткен гарнизонунун Аскер

прокуратурасы Кадамжайда жайгашкан. Кызматтын өзүнүн имараты

болгон эмес. Көчүрүү демилгеси акыркы чек ара окуяларынан кийин көтөрүлгөн.