Синоптиктер октябрда аба-ырайы кандай болорун айтып беришти.
Күздүн экинчи айына карата болжолдоону Кыргызгидромет түздү.
Алсак, өлкөнүн түндүгүндө күндүз абанын табы +24кө чейин жетет,
түнкүсүн +-3 болушу күтүлөт. Айрым түндөрү -3кө жеткен үшүк жүрөт.
Ал эми өлкөнүн түштүгүндө күндүз абанын температурасы
+12ден +25ке чейин, түнкүсүн +2ден +9га чейин термелет.
Жаан-чачындын көлөмү норманын тегерегинде болот.