“Коопсуз шаар” долбоорунун камералары кадимки режимде ишин улантууда

“Коопсуз шаар” долбоорунун камералары кадимки режимде ишин улантууда.

Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка караганда, камера аркылуу дары-дармек, медициналык жабдуу жана

оорулууларды ташыган унаалардын номерлери такталып жатат. Андыктан системанын

ишин үзгүлтүккө учуратуу мүмкүн эмес. Белгилеп кетсек, ордо калаада ыктыярчылар

жакындарын ооруканага жеткирүүдө жана препарат ташууда жол эрежесин бузган

учурлары катталган. Мындан улам алар убактылуу видео көзөмөлдөөнү өчүрүп

турууну суранышкан. Буга карата мыйзам чегинде жагдайды

эске алуу менен чечим чыгарылат, — дешти комитеттен.