Эртең, 11-майда, Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда 25-марттан тарта киргизилген коменданттык саат алып салынат.
Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Кеп Нарын облусунун Ата-башы районуна 15-апрелден тарта киргизилген өзгөчө абал режими тууралуу дагы болуп жатат.
Маалыматка караганда, айрым аймактарга киргизилген Өзгөчө абал режими саат 00:00дө аяктайт дагы, Өзгөчө кырдаал режими уланат.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков республикада Өзгөчө кырдаал режими кала берерин айткан.