Кадимки режимде окуй турган окуучулардын ата-энелери менен келишим түзүлөт

Кадимки режимде окуй турган окуучулардын ата-энелери менен келишим түзүлөт. 24 агенттигине Билим берүү министрлигинен айтып беришкендей, эки тарап милдетерин белгилеп алат.

 

Эгер ата-эне баласынын мектепке баруусун каалабаса, ал үчүн онлайн-формат киргизилет. Бул учурда чоңдор балдардын билим алуусуна өздөрү жоопкерчилик алып, мугалимдер менен байланышты түзөт.

 

Эске салсак, Билим берүү министрлиги окуунун 3 форматын иштеп чыкты: кадимки, аралашкан жана аралыктан. Ар бир аймак боюнча акыркы чечим 14-августта кабыл алынат.