Жаңы окуу жылында мектеп окуучуларына бирдиктүү форма боюнча талаптар коюлбайт. Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Исаков билдирди. Анын айтымында, окуучулар салттуу түрдө – ак көйнөк, кара шым же юбка кийсе болот.
Министр белгилегендей, быйыл бирдикүү формадан баш тартуу чечими кабыл алынды. Анткени, айрым мектептердин директорлору тигүү цехтери менен сүйлөшүп алып, материалдык пайда көрүү фактылары катталган.