Кыргызстанда мектептер жана жогорку окуу жайлар 3 жумалык карантинге жабылды

Кыргызстанда мектептер жана жогорку окуу жайлар 3 жумалык карантинге жабылды. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Окуучуларга жана студенттерге карантин убагында эл көп чогулган жерге барбай, мүмкүн болсо, үйдөн чыкпай отуруу сунушталат.

 

Президент Сооронбай  Жээнбеков коронавируска байланыштуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө эскертип, зарыл иштер тиешелүү деңгээлде аткарылбаса, эң катуу чаралар көрүлөрүн белгиледи.