Бишкек мектептеринде салттуу окуу форматы биринчи класстар үчүн гана болот

Бишкек мектептеринде салттуу окуу форматы биринчи класстар үчүн гана болот. Буга чейин пландалгандай, 2-6-класстардын окуучуларынын мектепке кайтып келүүсүнө коронавирустун көбөйүшүнө байланыштуу тыюу салынды.

 

Бул тууралуу 24 агенттигине Бишкектин башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирди. Анын айтымында, аймактарда окуучулар ортосунда коопсуз аралыкты сактоо мүмкүн, ал эми ордо калаанын мектептеринде бир класста 45 окуучу билим алат.

 

Андыктан, азырынча окуу жайларды ачуу эрте, — деди дарыгер. Билим берүү качан кадимки форматка кайтып келет,  азырынча белгисиз.