Кайра шайлоого катыша тургандардын тизмеси 326 шайлоо тилкелеринде илинди

Кайра шайлоого катыша тургандардын тизмеси 326 шайлоо тилкелеринде илинди. Жарандар алардан өздөрүн таап, маалыматты текшерип алышы керек, — дешти БШКдан. Бул үчүн мамлекеттик Tizme.gov.kg  порталы дагы жеткиликтүү.   3 шаарда жалпысынан 610 миң 160 адам добуш берүүгө укуктуу.

 

Анын эң көбү Бишкекке туура келет – 424 миң, Ошто – 148 миң жана Токмокто 37 миң адам шайлоо тизмесине кирди.

 

Алар 18 жашка толгон жана биометрикалык маалыматын тапшыргандар. Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шайлоо 11-июлга белгиленди. Буга чейинки шайлонун жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.