Парламенттик шайлоого катышуучу саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо мөөнөтү аяктады

Парламенттик шайлоого катышуучу саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка караганда, шайлоого катышуу максатын билдирип, документтерин тапшырган 42 партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каттоодон өттү.

 

Дагы эки саясий партиянын документтери каралып жатат.

 

Эске салсак, Кыргызстанда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.