Айыл-чарба министрлиги кургакчылыктан улам айыл-чарба продукциясын экспорттоого чектөөнү узартууну сунуштады

Айыл-чарба министрлиги кургакчылыктан улам айыл-чарба продукциясын экспорттоого чектөөнү узартууну сунуштады. Кеп буудай, жүгөрү, күрүч, суу май, кумшекер жана тоок жумурткасы тууралуу болуп жатат.

 

Тыюу 8-январда киргизилип, жарым жыл күчүндө болду. Эми ведомство бул чектөөнү жыл аягына чейин калтырууну суранууда. Жүйөө катары бир нече фактылар келтирилди, анын ичинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо дагы бар. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.