Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо жүрүүдө

Кыргызстанда бүгүн, 4-октябрда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо жүрүүдө. Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00дөн тартып ачылды.

 

Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды. Анын 45и чет мамлекеттерде. Чет өлкөдө ачылган добуш берүү тилкелеринин басымдуу бөлүгү Орусиянын аймактарында жайгашкан.

Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны — 3 523 554 киши. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Бүгүн Бишкектеги 5-гимназиядагы добушканада добуш бере турган президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону утурлай «Биринчи радиодогу» шайлоо маселесине кайрылып, добуш сатуу көйгөйү ойлондуруп жатканын айтты. Элди добуш сатпоого чакырды.

Жээнбеков президенттик администрациянын шайлоого даярдык көрүү жараянына аралашканы минималдык даражада болгонун жана өкмөт көз карандысыз түрдө иш алып барганын белгиледи.

 

Буга чейин жарандык коом жана шайлоого катышып жаткан оппозициялык партиялардын талапкерлери бийликчил партиялардын өкүлдөрү элге акча таратып, добуш топтоо аракетин көрүп жатканын бир канча ирет айтып чыгышкан.

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов шайлоодо санитардык-эпидемиологиялык талаптарды, беткап режимин сактоого элди чакырды. Премьер-министр 3-октябрдагы коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында бул жолку Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процесси коронавирус пандемиясы маалында өткөрүлгөнү менен өзгөчөлөнүп жатканын айтты. Анын айтымында, Шайлоону өткөрүү жогорку уюшкандыкты, анын ичинде эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылууну талап кылат.