Диего Марадонанын бут кийими космоско жөнөтүлөт

Дүйнөлүк футболдун легендасы Диего Марадонанын элесин түбөлүккө калтырууну чечишти.

Ага ылайык, өз мекени Аргентинадан жылдыздын бут кийими, ошондой эле анын дүйнө жүзүндөгү күйөрмандары жазып алган көптөгөн видео жана аудио билдирүүлөрү космоско жөнөтүлөт. Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, мындай маалыматтарды миллионго чейин чогултуу пландалууда.

Спутниктин космостогу кыймылын адистер геолокация системасынын жардамы менен көзөмөлдөшөт.

Анын ишке кирүү датасы азырынча белгисиз.